Don't Miss
Home > Спорт > Нарындык 77 жаштагы Байтур ата коньки тээп, жаштар менен хоккей ойнойт

Нарындык 77 жаштагы Байтур ата коньки тээп, жаштар менен хоккей ойнойт

Turmush – Нарын районунун Кеңеш айылынын 77 жаштагы тургуну Молдобаев Байтур ата азыркы кезге чейин коньки тээп, хоккей ойнойт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Өзүнүн айтымында, кышкы спорт оюндарын бала кезинен бери ойноп келет. Жаштар хоккей командасына кошсо хоккей мелдештерине да катышат.

«Мен конькини бала кезимден баштап эле тээп келем. Мурда лыжа да тепчүмүн. Жашым өтүп калганынан аны таштап койдум. Азыр коньки менен эле алаксып калдым. Мурун бизде азыркыдай жаңы коньки жок болчу. Эски, кыйшак, жешилип сынган коньки менен эле муз тээп үйрөндүк. Учурда муз тепкенге күндө келбесем да, 1 жумада 1 келип чер жазып кетип турам. Хоккей оюну болгондо кечикпей келип көрөм. Жашым өтүп калса дагы басып-турганым тың. Бул спорт менен машыгуумдун пайдасы», – деди ал.
Байтур ата 40 жыл автобус айдап, айдоочулук кесипти аркалаган. Учурда мал чарба менен алектенет. Сыналгыдан кышкы спорттук таймаштарды кызыгуу менен көрөт.
«Жубайым Майрамкүл Абдыкасымова экөөбүздүн баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 45 жылдын жүзү болду. 5 балам, небере-чөбөрөлөрүм бар. Бары жогорку окуу жайларды бүтүрүшкөн. Учурда бары жеке ишкерчилик менен алектенишет», – деди спортчу ата.

About По материалам инфоагентств

Leave a Reply

Your email address will not be published.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

x

Check Also

Facebook ждет масштабное обновление

Компания Facebook на конференции F8 для разработчиков показала новую версию мессенджера и веб-версии социальной сети. Об этом сообщил портал @hi-tech. Обновление ...

Директорам школ пригрозили увольнением за сбор денег на последний звонок

В Кыргызстане за неисполнение приказа о запрете проведения последнего звонка будут применять дисциплинарные взыскания вплоть до освобождения от занимаемой ...

Добыча урана в Кыргызстане. Как неприятные подробности выяснили в Жогорку Кенеше

Накануне депутаты Жогорку Кенеша с пристрастием изучали урановую тему. Казалось, о проекте по добыче урана на Иссык-Куле уже все ...