Turmush – Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин тарбиялануучусу грек-рим күрөшү боюнча Чүй облустук биринчилигинде күмүш медалга ээ болду.
Декабрь айынын аягында Аламүдүн районунун Ленин айылында грек-рим күрөшү боюнча Чүй облусунун биринчилиги өттү. Ага Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 350 спортчу катышты. Кара-Балта шаарынын атынан №1 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Лиар Жунушбаев катышты. Аны Игорь Коволенко машыктырат.
Лиар Жунушбаев 100 кг салмак даражасы боюнча мелдешип, жыйынтыгында 2-орунга ээ болду.
