Turmush – Кара-Балта шаарында 2016-жылдын мыкты өспүрүм спортчулары жана машыктыруучулары аныкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Алар «Манас» спорт комплексинин администрациясы тарабынан сыйланды. Спорттун ар бир түрү боюнча машыктыруучулар мыкты деген спортчуларды тандашкан. Аларга 500 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан 39 адам сыйланды.
Спортчуларды жана машыктыруучуларды куттуктаган «Манас» спорт комплексинин директору Айбек Аманбаев: «Биз өткөн жылы ийгиликтерге жетишкен спортчуларды сыйладык. Кийинки жылы мындай спортчулардын саны көп болот деген үмүттөбүз», – деп билдирди.
Ошондой эле, бокс боюнча машыктыруучу Р.Байсариев, баскетбол боюнча Ю.Сучилин, баскетбол боюнча республикалык турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүсү Н.Акматов сыйланды.
Белгилей кетсек, «Манас» спорт комплекси тарабынан жыл сайын сыйлыктар берилет.
http://kara-balta-t.turmush.kg/news:317482
