Turmush – Жайыл районунда тоют чөпкө болгон баа жогорулады. Бул тууралуу базардагы сатуучулар билдиришти.
Алардын айтымында, декабрь айынын аягында чөптүн көлөмү азайганына байланыштуу анын баасы жогорулаган. Бир таңгак чөптүн баасы 120 сомду түзүүдө.
«Ал эми жайында жамгыр алдында калган биринчи чабыктагы чөптүн бир таңгагы 60 сомдон сатылууда», – дешет сатуучулар.
