Не пропусти
Главная > Общество > Кызматтык кыянаттыктарды иликтөөнүн өзгөчөлүктөрү

Кызматтык кыянаттыктарды иликтөөнүн өзгөчөлүктөрү

Кызматтык кыянаттык- бул кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтируусу болуп саналат.

Кызматтык укук бузууларды иликтөөдө тергөөнүн бир катар жоболору менен тергөөнүн өзгөчөлүгүн аныктоочу жеке тергөө аракеттеринин тактикасын айырмалоо зарыл. Бул кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары менен жөнгө салынуучу бардык укуктук нормаларды билүү; ведомстволор аралык ченемдик укуктук актылардан келип чыгуучу органдардын же мекемелердин ишинин өзгөчөлүктөрүн билүү; жааматта, уюмда иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билүү; кылмыштын бети ачылган учурларды эле эмес, адамдын ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир мезгилин иликтөө.

Эреже катары, кызмат адамына карата кылмыш ишин тергөө анын акыркы кылмышы менен байланышкан, бул көбүнчө анын мурда жасаган кылмыштарынын натыйжасы; кызмат адамынын ишине мүнөздүү болбогон, башка кызмат адамдарына таандык болгон ыйгарым укуктарды белгилейт. Конкреттүү бир адамга укуктардын жана милдеттердин негизсиз же жөнгө салынбаган топтолушу кылмыш жасоого, материалдык жана башка жеке пайдаларды мыйзамсыз алууга мүмкүндүк берет; кызмат адамынын аракеттерин анын ыйгарым укуктарыжана милдеттери менен текшерүү, аларды аткарбоо аркылуу конкреттүү укук ченемдерин күнөөлүү адам тарабынан бузууну аныктоо;

Ошондой эле кыянаттык менен пайдалануу же чектен чыгуу, тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган күнөөлүү адамдын кызматтык ыйгарым укуктарына жана ага байланыштуу кызматтык ишинин натыйжаларына укуктук баа берүү. Мындан тышкары, тергөө аракеттерин, тактикалык операцияларды жана айкалыштырууларды жүргүзүүдө тергөөчү кызмат адамдары менен тергөө аракеттерин жүргүзүү жактоочунун же бир нече адамдын катышуусунда жүргүзүлүп жаткан учурларды эске алууга милдеттүү, бул жагдайтергөө амалдарынжеңилдетет;

Тагыраагы кызмат адамынын тергөө аракетине катышуу учурунда жашыруун техникалык жазуу каражаттарын пайдалануу зарыл,себеби кызмат адамыжөнөкөй кылмышкерлерге караганда, көп учурда процессуалдык укуктарынан улам көрсөтмө берүүдөн баш тартышы мүмкүн, ошол учурда биринчи кубо катары берген коргозмосу абдан маанилуу.

Аталган кылмыш Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иликтенүүго жатат.

 Панфилов районунун прокуратурасынын улук тергөөчусү К.Арынов

О Рекламный агент

Оставить комментарий

Ваш email нигде не будет показан

x

Check Also

Электронную школу планируют запустить в Кыргызстане в сентябре

Министерство образования и науки Кыргызстана планирует с сентября запустить электронную школу. Об этом на заседании комитета парламента по социальной политике ...

Путин не возражает. Садыр Жапаров рассказал о строительстве железной дороги

Садыр Жапаров рассказал, когда начнется строительство железной дороги Узбекистан — Кыргызстан — Китай и почему вопрос не решался на протяжении ...

Хадж-2022. Первая группа паломников отправится в Мекку в середине июня

Кыргызстанцы начнут паломничество в Саудовскую Аравию в середине июня. Об этом 24.kg сообщил руководитель отдела хаджа и умры Духовного управления мусульман ...