Не пропусти
Главная > К сведению > Ири жана чакан ишкерлерди колдоо, алардын укуктарын коргоо чаралары

Ири жана чакан ишкерлерди колдоо, алардын укуктарын коргоо чаралары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» №3 сандуу жана 2021-жылдын 4-мартындагы «Ишкердик субьекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №61 сандуу Жарлыктарынын жана 2016-жылдын 1-августундагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун №35-П сандуу Буйругунун  алкагында, Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн айта кетсек, Панфилов районунун аймагында 2 ири ишкана, патенттин негизинде иштеген 520  чакан ишкердик субъектилер бар. Төмөнкү ишканаларында 1298 адам эмгектенет, жумуш мезгилинде 1800 адам. Мындан тышкары электрондук базада катталган жеке ишкерлердин саны 6834. 2021-жылдын 9 айында негизги капиталдык салымдардын көлөмү 238051,7 миӊ сомду түзүп, алардын ичинен 194496,8 миӊ сом чет элдик түз инвестициялар, 12904,9 сом бул ишканалардын жана уюмдардын каражаттары.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 2018-жылдын 17-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык 3-жылдан бери атайын уруксатсыз текшерүүлөргө тыюу салынган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» ПЖ №-58 Жарлыгынын негизинде прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө укук коргоо жана салык органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте каттайт жана эсепке алат.

Ошону менен 2021-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын Панфилов районунун башкармалыгы тарабынан, 22 ишкердик субъекттерге карата  текшерүү катталып, алардын ичинен 4 учурда мыйзам бузуулар аныкталган.

2020-жылдын 28-февралында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында, райондук прокуратура кызматкерлеринин жана мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин  Панфилов районунун ири жана чакан ишкерлери менен жолугушуу өткөн. Күн тартибинде, ири жана чакан ишкерлер колдоо жана укуктарын коргоо; бирдиктүү салык декларацияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча суроолор каралган.

Жолугуушуда Панфилов районунун прокурорунун орун басары З.Калмуратов ишкерлерге: «Эгер, контролдоочу текшерүүчү органдар тарабынан кыстоо же негизсиз текшерүүлөргө жол берилсе, прокурордун атына арыз менен кайрылсаӊар болот» – деп кайрылган.

Жыйынтыгында райондун ишкерлери тарабынан текшерүүлөр боюнча арыз, даттануулар болгон жок.

2021-жылдында ишкердик субъектилерге карата Кылмыш жана жоурктар бирдиктүү реестрине 2 материал катталып, азыркы убакытта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Панфилов районунун прокурордун жардамчысы Н. Дюшеналиев

О По материалам инфоагентств

Оставить комментарий

Ваш email нигде не будет показан

Этот сайт защищен reCAPTCHA и применяются Политика конфиденциальности и Условия обслуживания Google.

x

Check Also

Депутаты Кара-Балтинского городского кенеша приняли решение о повышении тарифов на проезд и вывоз мусора

Повышение тарифов на проезд, вывоз мусора, присвоение имени Т.Б. Суюмбаева борцовскому залу — депутаты Кара-Балтинского ...

Жайылские спортсмены стали призерами в областном турнире по дзюдо

С 13 по 14 ноября 2021 года в городе Кант проходил Чуйский областной турнир «Кубок ...

Школьник из Жайылского района занял призовое место по тогуз коргоолу

С 5 по 11 ноября 2021 года в городе Бишкек проходил республиканский турнир по тогуз ...